Алтындын бир унцийинин баасы 32,48 долларга арзандады

16 февраля 2023, 10:11

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи сутка ичинде 2825 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүн, 16-февралда Улуттук банк калктан салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 164 миң 943 сомго сатып алууда. Бир күн мурун кайра сатып алуу баасы 167 миң 768 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 32,48 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 167 миң 417 сомдон сатып алууга болот.