Алтын унциянын баасы бир аптада 6.6 миң сомго төмөндөдү

11 января 2021, 15:00

Кыргызстанда унция алтынды кайра сатып алуу баасы 5 күндүн ичинде 6.6 миң сомго төмөндөдү. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди. 

 

 

 

үстүбүздөгү жылдын 6-январында үчтүк унция алтындын баасы 167 миң 83 сомду түзгөн. 11-январга карата кайра сатып алуу баасы 160 миң 448 сомго төмөндөгөн. 

 

100 граммдык алтын куймаларды Улуттук банк 505.5 миң сомго сатып алат, буга чейин баасы 526.9 миң сомго жеткен.