Улуттук банктын алтынынын унций баасы бир аз арзандады

1 февраля 2023, 13:09

Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындын бир унций куймасы бир сутка ичинде 17 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Алсак, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы ченелген куймаларды 171 миң 427,5 сомдон сатып алууда. Кечээ, 31-январда кайра сатып алуу баасы 171 миң 444,5 сомду түзгөн.

Ошол эле учурда, 1-февралга карата маалымат боюнча, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийсин 173 миң 998,5 сомго сатып алуу мүмкүн.