Улуттук банктын алтын унцийи 10,69 долларга арзандады

30 июня 2023, 09:20

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын сатуунун баасы бүгүн, 30-июнда 171 миң 379 сомду түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Мындан бир күн мурда, 29-июнда Улуттук банк калктан ушундай эле көлөмдөгү алтынды 172 миң 305 сомдон сатып алган, бул бүгүнкүгө караганда 926 (10,69 доллар) кымбат.

Белгилеп кетсек, Улуттук банктын алтын куймасын 176 миң 172 сомдон сатып алууга болот.