Centerra Gold Inc. Кумтөрдөгү жоготуудан келтирилген чыгымды 926,4 млн долларга баалады

20 ноября 2021, 15:27

Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы “Кумтөр” кени жоготконун расмий түрдө мойнуна алды. 19-ноябрда компания активдериндеги олуттуу өзгөрүүлөрдү жарыялады. Тактап айтканда, 2021-жылдын экинчи чейрегинде “Центерра” алтын кенине ээлик кылган “Кумтөр Голд Компани” туунду компаниясынын рыноктук баасына ыйгарган эмес.

Компаниянын билдирүүсүндө “Кумтөр” кени токтотулган өндүрүш катары эсептелинет.

“Кыргызстан тарабынан кабыл алынган бир катар макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасында компания кенди башкарууну жоготту. Натыйжада, 2021-жылдын экинчи чейрегинде башкарууну алмаштыруудан 926,4 миллион доллар өлчөмүндө чыгым таанылды”, - деп айтылат Centerra Gold Inc.

Биржа бул билдирүүгө дароо реакция жасады. Торонто биржасында 19-ноябрдагы сооданын жыйынтыгы боюнча компаниянын акциясынын баасы 6,19% арзандады.

Кошумчалай кетсек, 5-ноябрда “Центерра” директорлор кеңеши ар бир жөнөкөй акцияга чейрек сайын 0,055 доллар (0,07 канадалык доллар) өлчөмүндө – болжол менен 16,4 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд бекиткенин, компания ушул жылдын 3-декабрына чейин дивиденддерди төлөй турганын жарыялаган. Ырас, Кыргызстан 26,4% (77 млн ​​401 миң 766 акция) үлүшүнө карабастан дивиденддерди талап кыла албайт, анткени май айында Центерра “Кыргызалтынга” тиешелүү акцияларга чектөө киргизгенин жарыялаган. Ошентип, Кыргызстан анын акциялары боюнча эсептелген 4,2 миллион доллар киреше албайт.