«Центерра Голд» кварталдык дивиденддердин суммасын жарыялады

12 мая 2022, 10:38

Centerra Gold Inc. 4-майда Директорлор кеңеши ар бир жөнөкөй акцияга 0,07 канадалык доллар дивидендди же болжол менен 16,6 миллион долларды бекиткенин жарыялады.

Чейректик дивиденддер 1-июндан тарта төлөнө баштайт.

“Центерранын дивиденддик саясатына ылайык, дивиденддерди төлөө мөөнөтү жана өлчөмү Директорлор кеңеши тарабынан мезгил-мезгили менен башка нерселер менен катар компаниянын ишинин натыйжасына жараша аныкталышы керек”, - деп түшүндүрдү компаниядагылар.