Агробизнеске 44,9 млн сомго тоют үрөнү сатылып алынат

14 декабря 2022, 15:06

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүү борбору тоют үрөнүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 44 миллион 856 миң сомду түзөт. Бул суммага жазгы арпанын, эспарцеттин, беде, жүгөрү жана тоют кызылчасынын үрөнүн сатып алуу пландалууда. 

Арызда бардык товарларды жеткирүү 2023-жылдын 28-февралынан кечикпеши керектиги белгиленген. Сатып алуучу үрөндөрдүн өнүп чыгышын текшерүүнү өз эсебинен жүргүзөт. 
Үрөндөрдү сатып алуу борбор тарабынан Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Дүйнөлүк банктын “Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун кошумча каржылоонун алкагында жүргүзүлүүдө.

“Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында 100 коомдук үрөн фонду түзүлөт. Бул үрөндөр дыйкандардын тоют базасын жакшыртуу үчүн аймактарга жөнөтүлөт. Үрөндөр акысыз, бирок кайра кайтарып берүүнүн негизинде таратылат”, - деп билдирди “Акчабарга” тийиштүү мекемеден.