Эне жана баланы коргоо борбору 55,7 млн сомго дары-дармек сатып алат

8 ноября 2022, 11:38

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жүлүн булчуңдарынын атрофиясын дарылоочу дарыларды сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 55 миллион 735 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, борбор “Рисдипламды” сатып алууга ниеттенүүдө. Ачык булактарга таянсак, аталган дары жүлүн булчуңдарынын атрофиясын дарылоочу белгилүү үч дарынын бири. Бейтап аны үзгүлтүксүз кабыл алышы керек. Ошентип, жылына бир бейтапты дарылоого 340 миң доллар (28 миллион 559,35 миң сом) сарптоо керек.

Белгилеп кетсек, жүлүн булчуңдарынын атрофиясы – булчуңдардын прогрессивдүү алсыздыгынын өнүгүшү менен мүнөздөлгөн генетикалык оору. Жүлүн булчуңдарынын атрофиясы SMN1 гениндеги мутациядан келип чыгат, ал жүлүндүн кыймылдаткыч нейрондорунун – нерв системасынан булчуңдарга сигналдын берилишине жооптуу атайын клеткалардын иштешинин бузулушуна алып келет.