Ысык-Көлдөгү «Рух Ордо» борбору мамлекетке өттү

19 декабря 2023, 11:56

“Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында 2023-жылдын 21-ноябрында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан С.А.Б. аттуу жаран кармалган.

УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып жатканы белгиленди.