Борбордук банк 23-мартка карата валюталардын расмий курсун жарыялады

23 марта 2022, 09:03

Россиянын борбордук банкы бүгүн, 23-мартка карата расмий валюта курсун жаңылады. Андагы маалыматка караганда, бир күн мурда америкалык жана европалык валюталардын рублга карата бекемделишинен кийин доллар менен евро бир аз болсо да кайра алсыраган.

Алсак, расмий түрдө АКШ доллары 104,0741 рублди түзөт, күнүнө -0,6%, евро - 114,7833 рубль, -0,7%.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Улуттук банкы дагы валюта курсун жаңылаган. Ага ылайык, рублдин сомго карата курсу 23-мартка карата дароо 10,63%га төмөндөдү.