Кыргызстан менен БАЭнин Борбордук банктары кызматташуу боюнча документке кол коюшту

1 ноября 2022, 09:14

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банк менен Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук банкынын ортосунда борбордук банк иши боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Кубанычбек Бөкөнтаевдин БАЭге Президент Садыр Жапаровдун жумушчу сапарынын алкагында барган.

Документке ылайык, борбордук банктар банктык көзөмөл, финансылык инновациялар жана төлөм системалары жаатында тажрыйба жана маалымат алмашууну баштайт.