Кыргызстанда импорттук зер буюмдардын баасы 6,8 эсе өстү

30 августа 2023, 10:31

Кыргызстанга зер буюмдарын негизги экспорттоочулар Россия жана Түркия. Муну Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы тастыктайт.

Белгилеп кетсек, физикалык жактан алганда, жеткирүүнүн көлөмү 14 тоннадан 1,8 тоннага, башкача айтканда 87,14%га азайган.

Бирок, таң калыштуусу, нарк жагынан алганда, көлөм 0,32%га, башкача айтканда, 3 миллион 25,4 миң долларга чейин өскөн. Ошентип, зер буюмдар 6,8 эсе кымбаттаганы белгилүү болду. Эгерде өткөн жылдын ушул эле мезгилинде бир тоннанын орточо баасы 216,1 миң долларды түзсө, быйыл баа 1,6 миллион долларга чейин жогорулаган.