Эки жума ичинде кофенин баасы 25% өскөн

29 ноября 2019, 14:55

Акыркы жума ичинде кофеге болгон баа 25% жогорулаган. Мунун себеби Латын Америкадагы өндүрүштүн азайышы менен байлныштуу деп жазат The Wall Street Journal гезитинде. 

Intercontinental Exchange (ICE) (биржа жана накталайсыз эсептин тармагы) билдиргендей, баанын саны 1.173 фунтка өскөн. Буга чейинки баасы - 93 цент болгон. 

Маалыматка ылайык, акыркы эки жума ичинде кампадагы кофе запасы 78 миң капка азайып кеткен. 

Эксперттер билдиргендей, кофе түшүмүнүн азайышынын себеби аба - ырайы менен байланыштуу болгон.