Картошка, помидор жана бадыраң арзандады

19 июля 2021, 10:40

Өлкөдө айрым азык-түлүк товарларына баанын төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, картошканын чекене баасы ушул жылдын июль айында республика боюнча орто эсеп менен 1 кг үчүн 41,63 сомду түздү жана өткөн айга салыштырмалуу 19,1% га төмөндөдү, помидордун баасы - 51,13 сомду түзүп, 20,4% га төмөндөдү. Бадыраңдын баасы - 1 кг үчүн 21,35 сом жана 25,6% га төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, картошканын эң төмөнкү баалары Өзгөн (кг үчүн 31,98 сом), Баткен (кг үчүн 34,75 сом) жана Исфана (кг үчүн 35,99 сом) шаарларында катталып, ага болгон максималдуу баалар Бишкекте (кг үчүн 43,88 сом), Токтогул (кг үчүн 44,13 сом) жана Чаек айылында (кг үчүн 45,60 сом) катталды. 

Помидордун минималдык чекене баалары Покровка айылында (кг үчүн 29,58 сом), Нарын (кг үчүн 35 сом) жана Кербен шаарларында (кг үчүн 38,06 сом) катталды. Бадыраңга эң төмөнкү баа Токмок шаарында (1 кг 18,79 сом), Бишкек шаарында (1 кг 19,32 сом) жана Таласта (1 кг 19,58 сом) байкалды.