Ноябрда көмүргө болгон баа көтөрүлдү

22 ноября 2019, 15:50

Ноябрдагы үч жума ичинде, октябрь айына салыштырмалуу көмүрдүн 1 тоннасына  болгон баа 140.1 сомго же 3.1% көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

2019-жылдын 21-ноябрындагы 1 тонна көмүргө болгон баа Кара-Суу шаарында 8.4 миң сомду түзгөн. Ноокатта 7.3 миң сомду жана Баткенде 7.2 миң сомду түзгөн. Көмүрдүн чекене баасы Чаек айылында 2.5 миң сомду (1 тоннага болгон баа) түзгөн. Балыкчы жана Нарын шаарларында 3.7 миң сом. 

Токтогул шаарында көмүргө болгон баа - 921 сомго (20.5%), Таласта - 925 сомго (19.8%) жана Покровка айылында 500 сомго (12.5%) кымбаттаган. 

 Баткенде көмүрдүн баасы 714 сомго, ал эми Кара-Балта шаарында 50 сомго арзандаган.