КР көмүрдүн баасы 4% арзандады

27 декабря 2019, 16:00

Көмүрдүн орточо баасы республика боюнча ноябрь айына салыштырмалуу, бир тоннага болгон баанын саны 188.29 сомго же 4% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Баанын төмөндөшү ноябрь айынын төртүнчү жумаына салыштырмалуу - 240.24 сомго же 5.1% арзандаганы байкалган. Муну менен катар кээ бир аймактарда көмурдүн баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды. 

Ноокатта (көмүрдүн бир тонна баасы 7469.48 сом), Баткенде (7468.1  сом) жана Исфанада (6340.35 сом) көмүрдүн жогору баасы катталган. Ал эми төмөнкү баа менен Балыкчыда (3694.59 сом), Нарында (3 миң 500 сом) жана Чаек айылында (2 миң 500 сом) сатылууда.