Кыргызстанда көмүрдүн баасы орточо эсеп менен 4.3% жогорулады

25 декабря 2020, 10:20

2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн орточо баасы ноябрь айына салыштырмалуу республика боюнча бир тоннага болгон баасы 190.15 сомго же 4.3% кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен маалымдашты. 

 

 

 

Муну менен катар, азыркы учурда көмүрдүн 1 тоннага болгон эң жогорку баа Ноокатта — 8.4 миң сомго катталган. 

Ошол эле учурда минималдуу чекене баа Чаекте — 2.5 миң сомго катталган. 

Бирок, көмүрдүн баасы Кербен шаарында - 51.1%, Өзгөндө - 30.8%, Кара-Сууда - 9.1% жогорулаганы катталган. 

Муну менен катар калган пункттарда көмүрдүн баасы, мурунку айларга салыштырмалуу эч өзгөрүүсүз бойдон турат.