Алтындын баасы 2.3% кымбаттады

7 января 2020, 11:55

Алтындын баасы 2.3% жогорулады жана 2013-жылдын апрель айындагы рекорддук көрсөткүчкө кайрадан жетти. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Bloomberg порталына таянып, жазып чыкты. 

Баалуу металлдын бир унцияга болгон баасы учурда 1 миң 588.13 долларды түзүүдө. Баанын жогорулашынын себеби Жакынкы Чыгыштагы болгон абал менен байланыштуу. 

Башка баалуу металлдардын баасы дагы кескин түрдө кымбаттады. Мисалга палладийдин бир уинцияга болгон баасы 2 миң 30.28 долларды түзүүдө. Муну менен катар маалымат булагы билдиргендей, Америкалык Goldman Sachs компаниясынын аналитиктери алтындын баасы мунайдын баасынан тез кымбаттарын күтүп жатышат. Өсүштүн ылдамдыгы мындан дагы тез болушу  мүмкүн.