Үч айда Кыргызстанда кумшекер 19%га кымбаттады

2 апреля 2021, 17:28

2021-жылдын март айында Кыргызстанда кумшекердин 1 кг үчүн орточо баасы 64,3 сомду түздү. 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу нарк 10,1 сомго же 19% га жогорулагандыгын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Улуттук статисткалык комитети белгилегендей, эң жогорку баалар Исфана (кг үчүн 69,3 сом), Жалал-Абад (67,8 сом), Ноокат (67,3 сом), Кара-Суу (67,3 сом) жана Баткен (67,2 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу баалар Токмок (1 кг үчүн 60,6 сом), Талас (60,9 сом) жана Нарын (61,9 сом) шаарларында болду.

Февралга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баасы 4,3 сомго же 7,2%га жогорулады. Баалардын эң чоң өсүшү Ноокатта - 18,8%, Покровка айылында - 13,2%, ал эми Баткен жана Кара-Балта шаарларында - 9,7% катталды.