Үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн 15,5 млрд сом түштү

20 декабря 2023, 10:05

Үч жылдын ичинде Кыргызстандын бюджетине коррупцияга каршы күрөштөн 15,5 млрд сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле ыйгарым укуктуу Каржы министрлигинин депозиттик эсебине которулат. 

2020-жылдан 2023-жылга чейин алынган каражаттар: 2020-жыл,

  • депозиттик эсептер – 2 млрд 719,4 млн сом;
  • 2021-жыл, Каржы министрлиги – 1 млрд 915,9 млн сом;
  • 2022-жыл, Каржы министрлиги - 4 млрд 137,6 млн сом;
  • 2023-жыл, Каржы министрлиги - 6 млрд 789,7 млн ​​сом.

Жалпысынан 2020-2023-жылдар аралыгында 15 млрд 562,65 млн сом суммасында каражат түшкөн.