Чаекте 21,9 млн сомго спорт зал курулду

18 мая 2023, 14:14

Жумгал районунун Чаек айылында күрөш залынын курулушу бүттү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 21,9 млн. сомду түзгөн. Анын 18,7 млн. ​​сомун Каржы министрлиги бөлсө, 3,2 млн сомун Чаек айыл өкмөтүнүн салымы түзгөн.

Спорт залды куруу иштери Жумгал районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылды.