«Чакан ГЭС» ГЭС имаратын курууга тендер жарыялады

30 декабря 2022, 09:44

"Чакан ГЭС" ААКнын кезексиз жыйынында долбоордук-сметалык документтерге ылайык 1 млрд 280,3 миң сомго чейин кошумча каржылоо булагын табуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Мындан тышкары, үч лот боюнча тендер жарыяланат: "ГЭСтин имаратын куруу", "ГЭС имаратынын энергетикалык жабдууларын сатып алуу", "110/10кВ Покровка көмөк чордонун реконструкциялоо үчүн жабдууларды сатып алуу".

"Жалпы сумма КНСти эске алганда 1 млрд 539,5 млн сомду түзөт", - деп белгилешти Кыргыз фондулук биржасы.