«Чакан ГЭС» мамлекетке 1 млн 300 миң сом дивиденд төлөйт

12 мая 2022, 09:13

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун кирешеси 5 миллион 210 миң 534 сомду түздү. Мындай маалыматтар 29-апрелде өткөн акционерлердин жылдык жалпы жыйынында айтылды.

Баалуу кагаздардын ээлеринин чечими менен пайданын 25%ы же 1 миллион 302 миң 633,5 сому дивиденддерди төлөөгө багытталат. Бир жөнөкөй акцияга дивиденддердин өлчөмү 0,47416 сомду түзөт. 2010-жылы Чакан ГЭСи улутташтырылып, анын 100% акциясы Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан мамлекетке таандык экенин эске алсак, чегерилген дивиденддердин бардык суммасы мамлекетке өткөрүлөт.

Ал эми калган 3 миллион 907 миң 900,5 сом (пайданын 75 пайызы) ишкананы өнүктүрүүгө жумшалаарын кошумчалайбыз.