Кант цемент заводунун акцияларынын бир бөлүгү 504,8 миң сомго сатылды

23 августа 2023, 16:06

Жакында сатыкка коюлган Кант цемент заводунун акцияларынын бир бөлүгү ийгиликтүү сатылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын соода статистикасы билдирди.

Ошентип, биржада 1 миң 453 акция сатылды, аларды сатуудан баалуу кагаздардын ээси пландагы 508,5 миңдин ордуна 504,5 миң сом пайда тапты.

Белгилеп кетсек, жалпысынан ишканада 10 миллиондон ашык акция бар, ал эми сатылган көлөмү акциялардын жалпы көлөмүнүн 0,01%ын гана түзөт.