«Электр станциялары» ишканасынын мүлкүнүн бир бөлүгү «Бишкектеплосеть» ишканасына өтөт

8 сентября 2023, 09:15

26-сентябрда “Электр станциялары” ишканасынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Күн тартибинде 16 маселе бар. Негизги маселелердин бири "Электр станцияларынын" айрым мүлкүн "Бишкектеплосеть" ишканасына өткөрүп берүү болмокчу.

Ошондой эле "Гидропроект" компаниясына, "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ААКсына жана "НЭС Кыргызстан" ААКсына кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү маселеси талкууланат.

Кошумчалай кетсек, Камбар-Ата ГЭС-1 туунду ишканасы "Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясынын" карамагына өтүшү мүмкүн.