Чех ишкерлери Соода-өнөр жай палатасы менен иштешет

30 марта 2023, 15:00

Чех ишкерлери Соода-өнөр жай палатасына мүчө болууга жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Учурда Кыргызстанда тажрыйбасы бар чех ишкерлери бир нече компаниялар менен кызматташууда. 

"Кыргызстан тоолуу өлкө болуп саналат. Өлкөдө асма жолдорду куруу жана өнүктүрүү биздин өлкөнү ички жана тышкы туризм үчүн жагымдуураак кылып, инфраструктураны өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан бардык сунуштарды кароого даяр", - деп белгиледи Темир Сариев.

Кошумчалай кетсек, Соода-өнөр жай палатасы Чех бизнесмендерине Кыргызстандын компаниялары менен кызматташууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.