Чек арачылар кезектеги аткезчиликти аныкташты

29 июня 2020, 16:30

27-июнда Баткен чек ара отрядынын чек арачылары контрабанда жолу менен алынып бара жаткан цементти аныкташты. Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады. 

Маалыматка ылайык, Shacman жүк ташуучу авто унаа менен 1971-жылы туулган Т.К. аттуу жаран 20 тоннага жакын цементти мыйзамсыз Кыргызстандан Өзбекстанга өткөзуп бара жаткан. 

Жыйынтыгында унаанын ээси кармалып, жүк бажы кызматынын аймактык бөлүмдүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.