Ала-Букада малды мыйзамсыз чек арадан өткөрүүнү каалагандар кармалды

10 мая 2023, 13:51

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан Кыргызстандан Өзбекстанга малды мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык 45 жаштагы С.М. жана 21 жаштагы С.С. атту жарандар Кыргызстандан Өзбекстанга 4 баш буканы мыйзамсыз айдап кетүүгө аракет кылган. Малдар андан ары сатылууга пландалган. 

“Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын баасы 450 миң сомдон ашты”, - деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана мал жандыктар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.