Чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

29 марта 2024, 12:10

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди. 

Кыргызстандык жаран Тажикстанга 14 баш бодо малды сатууга аракет кылган. 

“Кармалган бодо малдын жалпы баасы 2 млн 600 миң сомго жакын”, - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жабык.