Чек арадан зер буюмдарын мыйзамсыз чыгарып бараткан адам кармалды

23 мая 2023, 14:33

Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз ташыган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Маалыматка ылайык, "Акжол-автожол" өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 гр күмүштөн жасалган зер буюмдарын уруксат кагазы жок Казакстан тарапка алып өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалган. 

Кошумчалай кетсек, УКМК кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, төлөнбөй калган салыктын суммасын тактоо иштерин жүргүзүүдө.