2020-жылы КР чекене сооданын көлөмү 4.4 млрд $ түзгөн

16 февраля 2021, 13:00

2020-жылдын январь-декабрь айларында ЕАЭБде чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 523.1 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 4.4 млрд доллар Кыргызстанга тийиштүү. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

Комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда сооданын бир жылдык айлануусу 17.7% кыскарган. Өсүү Белорусияда — 1.8% тузүп, 21.5 млрд долларга жеткен. 

Сооданын басымдуу бөлүгү салтка ылайык, Россияга таандык. 4.1% чейин төөндөөгө карабастан, сооданын көлөмү 466.4 млрд долларды түзгөн. Казакстанда 28 млрд долларга, Арменияда — 2.7 млрд долларга соода жүргүзүшкөн.