Коммерциялык банктардын төлөнгөн уставдык капиталдын 30% — чет элдик инвестициялар

31 марта 2021, 17:30

2020-жылдын аягына карата Кыргызстандагы 23 коммерциялык банктын төлөнгөн уставдык капиталынын көлөмү 31 млрд 217.1 млн сомду түздү. Бул тууралуу республиканын Улуттук банкы билдирди. 

 

Төлөнгөн уставдык капиталдын дээрлик 30% — чет элдик инвестициялар. 

23 финансы-насыя уюмдарынын ичинен жети банк толугу менен жергиликтүү капиталдан - «Айыл Банк», «Бакай Банк», «Дос-Кредобанк», «Капитал Банк», «Кыргызстан»,«РСК Банк», «ФинансКредитБанктан» түптөлгөн.