Чет өлкөгө чыгууда карыз чегин 50дөн 100 миң сомго көтөрүү сунушталды

2 мая 2023, 17:30

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандан сырткары чыгууну каалгандар үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин карыз чегин белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов “Twitter” баракчасына жазды. 

Анын айтымында, миңдеген кыргызстандыктардын көйгөйлөрү аткаруу бийлиги менен сот бутактарынын ортосундагы карама-каршылыктан улам келип чыгууда. 

“Аткаруу бийлиги өздөрүн укук коргоо органы эмес, сот органы катары көрүп алды. Министрлер кабинетинин расмий позициясы чектөөлөр 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин болушу керек”, - деп жазды ал. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында 500 сомдон ашпаган карызы менен кээ бир жарандар өлкөдөн чыга албай калган учурлар бар экендигин жазган. 

Ошондой эле, Бекешев 10 миң сом карыз чегин белгилөөнү сунуштаган. Ал кыргызстандыктар карызын терминал аркылуу төлөп, бул боюнча маселени чечүү керек экенин белгилеген.