Чет элдик студенттер 18105 сом медициналык камсыздандыруу төлөшү керек

18 января 2023, 13:07

Парламенттин бүгүнкү жыйынында “Кыргызстанда жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.  

Жыйында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер жана эмгектенип жаткан жарандыгы жок адамдар медициналык камсыздандыруу үчүн канча каражат төлөшөрүнө кызыкты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Кыргызстанда 64 миң чет өлкөлүк жаран билим аларын билдирди. Сунушталган долбоордо чет өлкөлүк жарандар үчүн 18 105 сомго камсыздандыруу төлөмү каралган.  

Бул мыйзам долбоору Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктын айрым категорияларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шарттарда берүүнү камсыздоого багытталган.