Улуттук банк бир жума ичинде 4 интервенция өткөрдү. Бул ирет 1.1 млн $ сатты
Улуттук банк 27-ноябрда 1.1 млн доллар сатып, кезектеги интервенция өткөрдү. Бул тууралуу регулятор маалымдады.
Улуттук банк ушу жума ичи төрт ирет интервенция өткөздү. Ал эми жыл башынан бери 24 жолу интервенция жүргүзүлүүдө. Жалпысынан Улуттук банк 424 млн 250 миң доллар сатты.