Аткаминерлер бюджеттин 7 млн сомдон ашык акчасын коротушкан

23 декабря 2022, 14:57

Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалым болгондой, 2018-2021-жылдар аралыгында Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн ​​620 миң 968 сом бюджеттик каражаттын тартыштыгы аныкталган. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.