ЕАЭБдеги жумушсуздардын саны 1,7 млн ашты

7 июля 2021, 12:00

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын май айынын акырына карата 1 миллион 728,8 миң адамды же жумушчу күчүнүн 1,9% түздү. Бул тууралуу ЕАК билдирди. 

2020-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 29,5% га азайган.

Кыргызстанда 77,8 миң адам жумушсуз катары катталган.