ЕАЭБдеги жумушсуздардын саны бир жылдын ичинде 18,1% га өскөн

7 июня 2021, 09:25

ЕАЭБ калкынын жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын апрелинин аягына карата 1,9 миллиондон ашык адамды түздү же жумушчу күчүнүн 2,1% болду. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан белгилүү болду. 

2020-жылдын ушул эле убакытына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 18,1% га көбөйгөн.

Бул маалыматтар расмий катталган жумушсуздарга гана тиешелүү. Алар иш жүзүндө көбүрөөк болгон жумушсуз адамдардын так санын чагылдырбайт.