Кыргызстанга келген чет элдиктердин саны эки эсе өстү

23 августа 2022, 09:24

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча ушул жылдын алты айында мамлекеттик чек араны 2,6 миллион чет элдик жаран кесип өттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанга келген башка өлкөнүн жарандарынын саны эки эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда 97% же 2,5 миллиону КМШнын, негизинен Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары.

Ал эми алыскы чет мамлекеттердин жарандарына келсек, алардын саны 74 миңден ашты жана өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Алардын көбү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиядан келген.

Белгилеп кетсек, 2022-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда туризм тармагында иш алып барган 100 миңден ашык ишкердик субъекти катталган.