Бишкекте тамактан уулангандардын саны 85ке жетти

25 октября 2021, 09:46

Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны бүгүнкү күндө 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда бир бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

"Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучулар шаардагы филиалдары ар кайсы пункттарда жайгашкан кафелердин биринде тамак жешкени аныкталган. Тергөө иштерин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери улантууда", - деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Буга чейин министрлик суши жеп 12 адам ууланганын билдирген. Маалыматтарга караганда, жабырлануучулар "Империя пиццы" кафесинен суши-роллы заказ беришкен.