Жыл аягына чейин Кыргызстанда пенсионерлердин саны 710 миң адамга жетет

17 декабря 2020, 13:00

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары жылдын аягына чейин пенсионерлердин саны 710 миңге жетерин билдирди. Бул тууралуу ал 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар Соцфонддун бюджетин турукташтыруу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти.

 

Депутаттар пенсиялык тутумду реформалоону баштоо керектигин да кеп кылышты. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, жумушчулар менен пенсионерлердин катышы жөнүндө суроолор көтөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун төрагасынын орун басары бир пенсионерге бир жумушчу туура келет, ал эми орточо пенсия 2020-жылы 6,1 миң сомду түздү деп кошумчалады.