«Манас» аэропортунун кирешеси үчүнчү кварталда 17% өстү

29 ноября 2022, 12:08

Үчүнчү кварталда “Манас” аэропортунун таза кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,78%га өсүп, 3 млрд 361,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын финансылык абалы боюнча акыркы отчетунда айтылат.

Кирешелердин өсүшү бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча байкалган. Алсак, аэропорттун башка эксплуатациялык ишмердүүлүктөн таза кирешеси 26%га, операциялык иштен 27,8%га, операциялык эмес ишмердүүлүктөн 235%га өскөн.

Ошентип, быйыл тогуз айда компания 2021-жылдагы киреше планын 94,98% аткарды. Былтыр ал 3 млрд 538,8 млн сом түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө компаниянын акциялары Кыргыз фондулук биржасында сатылууда. Кечээ, 28-ноябрда өткөн акыркы сооданын жыйынтыгы боюнча акциянын баасы бир нускада 635 сом деп белгиленди. Жыл башынан бери “Манас” аэропортунун баалуу кагаздары 25,3%га (850 сом) арзандады.