Мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1,9 млрд сомду түздү

24 ноября 2022, 09:17

Быйыл 9 айда мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун таза кирешеси 9,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Ал эми 2022-жылдын 9 айында мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1,9 млрд сомду түздү. 

“Мамлекеттин жана мамлекеттик ишканалардын үлүшү бар акционердик коомдорду колдоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат бул ишканаларды калыбына келтирүүгө жана жакшыртууга алып келди. Бул нерсени 2022-жылдын 9 айынын алдын ала жыйынтыктары тастыктады”, - деп айтылат Каржы министрлигинин маалыматында.