Комбанктардын эки жыл ичиндеги таза кирешеси 23% дан ашык төмөндөдү

13 сентября 2021, 09:51

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын таза кирешеси 2020-жылдын аягында 2 миллиард 297,1 миллион сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20% га аз. Кирешенин төмөндөшү көбүнчө Covid-19 пандемиясынан улам келип чыккан чектөөлөргө байланыштуу.

Мында кирешенин төмөндөшү банктар 3 миллиард 1,9 миллион сом киреше алган 2018-жылдан бери байкалууда. Ошентип, 2020-жылы финансы-кредиттик мекемелер 23,47% киреше алышкан.

Ушул жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы таза кирешеси 1 миллиард 737,3 миллион сомду түзгөнүн кошумчалайбыз. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 131,1 млн сомго, же 8,2%га өстү.