Былтыр «Кыргызалтындын» таза кирешеси 48 эседен ашкан

3 февраля 2023, 11:44

Былтыр 2022-жылдын 9 айына чейин “Кыргызалтындын” таза кирешеси 37 миллиард 941,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын финансылык отчетунда айтылат. 

Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу таза киреше 783 миллион 374 миң сомдон 48,4 эсеге өстү. Ал бардык негизги багыттар боюнча көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө байланыштуу.

Маселен, компаниянын инвестициядан түшкөн кирешеси 681 миллион 207,5 миң сомго, ал эми операциялык эмес пайдадан түшкөн киреше жана чыгаша 41,2 миллиард сомго көбөйгөн.

Мында мамлекеттик ишкана чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча курстук айырмадан 133,2 млн сом өлчөмүндө зыян тарткан.