«Тесланын» таза кирешеси тарыхта биринчи жолу 1 млрд доллардан ашты
Ушул жылдын экинчи чейрегинде электромобилдерди чыгаруучу Tesla компаниясынын таза кирешеси 1 миллиард доллардан ашты, деп билдирди CNBC.
Муну менен электр унааларын сатуудан түшкөн жалпы киреше 10,2 миллиард долларды түздү.
Базарга 201 миң электр унаасы жеткирилген, 206 миң нуска чыгарылган.