Чүй каналын айланып өтүүчү курулуш долбоорун ишке ашырууну талкуулады

4 марта 2022, 11:49

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юэ менен жолугушуп, тараптар КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылана турган «Чүй каналын айланып өтүүчү (АЧК-2) куруу» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул долбоор буга чейин эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда талкууланган. 

Амангелдиев бул долбоордун маанилүүлүгүн жана ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Ли Юэ Кытай тарап «Айланма Чүй каналын (АЧК-2) куруу» долбоорун илгерилетүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.