Чүй облусунда эки жаңы бала бакча ачылды

20 февраля 2024, 14:30

Чүй облусунда эки жаңы бала бакча ачылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү жайлар Маловодное жана Төрт-Көл айылдарында жайгашкан. Имараттарда бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилеп кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда жалпысынан жети бала бакча ачылган.