Чүй токой чарбасынын административдик имаратынын курулушу 70%га жетти

18 февраля 2022, 15:10

Чүй токой чарбасында аянты 219,4 м2 түзгөн жаңы административдик имараттын курулушу уланууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө курулуштун даярдыгы 70%га жетти. 

Фундаменттин курулушу, кирпич дубалдары, ички тосмолор, чатыры толугу менен бүткөрүлүп, жасалгалоо иштери жүрүүдө. Объектти ишке киргизүү ушул жылдын май айына пландалууда.

Жаңы имарат 1937-жылы курулган мурунку имараттын ордуна тургузулуп жатат. Мурдагы имарат авариялык абалга келип, коопсуздук талаптарына жооп бербей калган.

Эске салсак, курулуш Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган.