Чүйдөгү «Дон» каналына бетон төшөөгө 19 млн сом бөлүндү

28 марта 2023, 13:35

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Чүйдөгү сугат каналдарын оңдоо жана жазгы талаа иштерине даярдыкты текшерди. Министр Кегети айыл аймагындагы “Дон” каналынын 2,8 чакырымын бетондоо иштери менен таанышты. Аталган каналды бетондоого бюджеттен 19 млн 38 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган каналдын 2,3 чакырымы бетондолду. Канал жакында ишке кирет. Ал 2420 гектар айдоо аянтын суу менен камсыз кылат.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы “Осман-Хан-Артык” каналын бетондоо долбоорун ишке ашырууга  3 миллион доллар сарпталат. Аталган канал 22,6 чакырымга созулат. Канал калыбына келген соң, ал 8 миң гектар айдоо жерди суу менен камсыз кыла алат.